Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: ЭЭА негизги милдети чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат

Эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) негизги милдети чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда, «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү маселеси боюнча жумушчу кеңешмесинде.

Кеңешмеде өлкөнүн эркин экономикалык аймактарындагы, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялануу алкагандагы бажы жана салык режимдерин пайдалануу маселелери талкууланды.

Премьер-министр белгилегендей, өлкө аймактарындагы ЭЭА дирекция жетекчиликтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта аймактагы субъектилердин санын жогорулатуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча натыйжалуу иш алып баруусу зарыл.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн чет элдик инвесторлор жергиликтүү рынокко кирүүгө жана өз ишин өлкөнүн эркин экономикалык аймактарында жүргүзүүгө кызыкдар. Биз жактан алар үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлүүсү тийиш», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана тийиштүү мамлекеттик органдар тараптан бардык колдоо көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Ал белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуунун алкагында атаандаштык күч алып, ишканалардын экономикалык мүмкүндүгүн кеңейтүү үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Буга байланыштуу ЭЭА дирекция жетекчилигинин демилгелүүлүгү жана өз ишин ачык-айкын жүргүзүүсү маанилүү орунда турат.

«Сиздерде келечекте өнүгүү үчүн бардык шарттар жана мүмкүндүктөр бар. Сиздер эркин экономикалык аймактардын мүмкүндүгүн кеңейтүү боюнча иштин сапаттуу жана натыйжалуу үлгүсүн түзүүңүздөр зарыл», – деп билдирди Өкмөт башчы.